# 89-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 89-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-89

---

1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин долбоорлору кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге түзүлөт.

2. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге карата республикалык бюджеттин долбоору болжолдуу беш жылга Фискалдык саясаттын негизги багыттарында каралуучу көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.

3. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджеттик каражаттардын негизги тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү, алуучулары) боюнча бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору менен каралган чыгашалардын ведомстволук жана программалык классификациясы боюнча бюджеттик ассигнованиелердин көлөмдөрүнүн төмөндөшү төмөнкү учурларды кошпогондо, бюджеттерди түзүүнүн мурдагы циклинде каралган тиешелүү жылга көрсөтүчтөрдөн 3 пайызга ашпоого тийиш:

1) бюджеттик каражаттардын тиешелүү башкы тескөөчүсүнүн (тескөөчүсүнүн, алуучусунун) уюштуруучулук-функционалдык түзүмүнүн өзгөрүшү жөнүндө чечимдерди кабылуу алууну;

2) алардын майнаптуулугуна баа берүүнүн натыйжалары боюнча ал башкы тескөөчү (бюджеттик каражаттарды тескөөчү, алуучу) тарабынан жүзөгө ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууну;

3) көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлор мөөнөтүнөн мурда аяктоону.

4) бюджеттик каражаттарды негизги тескөөчү (тескөөчү, алуучу) тарабынан жүзөгө ашырылуучу бюджеттик программаларды, анын ичинде алардын майнаптуулугун баалоонун натыйжалары боюнча, ошондой эле мурда каралган жалпы мамлекеттик программаларды, иш-чараларды жана төлөөлөрдү ишке ашырууну токтотууну.

4. Фискалдык саясаттын негизги багыттарында каралган ресурстардын болжолу менен салыштыруу боюнча бюджеттик ресурстардын көлөмү көбөйүү тарабына негиздүү өзгөрүлгөн учурда, айырманын суммасы тиешелүү чыгашаларга каралат.

Бюджеттин ресурстарынын болжолдонгон көлөмдөрү кыскартылган учурда, ал көлөмдөргө чыгашаларды азайтуу боюнча чечим бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө (тескөөчүлөрүнө, алуучуларына) милдеттүү маалымдоо жана мындай кыскартуунун себептерин негиздөө менен Фискалдык саясаттын негизги багыттарын бекитүү боюнча Министрлер Кабинетинин кеңеши тарабынан кабыл алынат.

5. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджеттин долбооруна Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тескөөчү обочолонгон бюджеттер киргизилиши мүмкүн.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-88)  
Кийинки берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-90)
