# 88-берене. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 88-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-88

---

(Берененин аталышы КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы - бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгилүү бир мезгилге бекитилген аймактарды жана жергиликтүү жамаатты социалдык жана экономикалык өнүктүрүү чараларынын комплекстүү тутуму.

2. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан беш жылдык мезгилге иштелип чыгат. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын кезектеги үч жылдык мезгили жергиликтүү бюджеттин долбоорун үч жылга түзүү үчүн негиз болуп саналат.

3. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун эске алуу менен өнүгүүнүн социалдык-экономикалык болжолун;

2) алдыдагы мезгилге орто мөөнөттүү бюджеттин долбоорун, ал төмөнкүлөр боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөрдү камтыйт;

а) алардын түрлөрүнүн жана булактарынын чегинде бюджеттин ресурстары;

б) бюджеттин чыгашалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик программаларынын чеги;

в) бюджеттин теңдештирилгендиги;

г) муниципалдык карыз.

3) социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына карата түшүндүрмө кат;

4) мүмкүн болуучу бюджеттик тобокелдиктерди жана милдеттенмелерди баалоо.

4. Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу өзгөргөн учурда өнүгүү программасы, жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн, кароонун, бекитүүнүн жана аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн процессинде ресурстардын жана чыгашалардын болжолу такталууга жатат.

5. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-89)
