# 85-берене. Бюджеттик программалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 85-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-85

---

1. Бюджеттик программа өнүгүүнүн тармактык (сектордук) программаларын жана жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплексин түзөт.

Бюджеттик программанын так, реалдуу жана жеткиликтүү максаты жана сандык жана/же сапаттык жактан бюджеттик программаны ишке ашыруунун натыйжаларын чагылдырган натыйжалуулук көрсөткүчтөрү болушу керек.

2. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) бюджеттик программаларда чагылдырылган чыгашалары программалык болуп саналат.

3. Программалык чыгашалардын тизмеги кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджеттин долбооруна киргизилет.

4. Мамлекеттик органдардын ишинин багыттары боюнча түзүлүүчү, бюджеттик программаларда чагылдырылбаган бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) чыгашалары программалык эмес болуп саналат.

5. Бюджеттик программаларды түзүүнүн, кароонун жана аткаруунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-86)
