# 84-берене. Секторлор боюнча бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүү стратегиясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 84-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-84

---

1. Бюджеттик чыгашаларды тармактык (сектордук) бөлүштүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясы стратегиялык максаттарды жана милдеттерди, бюджеттик программаларды, ошондой эле тиешелүү тармакта (сектордо) мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аларга жетүүгө багытталган иштердин натыйжаларынын көрсөткүчтөрүн аныктайт.

2. Сектор боюнча бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүү стратегиясы төмөнкүлөр үчүн арналат:

1) Министрлер Кабинети тарабынан сектордогу кырдаалды жана орто мөөнөтүү мезгилге анын өнүгүшүнүн болжолун түзүүгө калыс баа берүү;

2) сектордун ишин өнүктүрүүгө арналган жаңы технологияларды, демилгелерди жана багыттарды киргизүү;

3) кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджеттин долбоорлорун түзүү үчүн негиз түзүү.

3. Бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу программалык негизде бюджеттөөнүн усулдарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Бюджеттик программалар орто мөөнөттүү мезгилге болжолдонгон ресурстардын чектеринде түзүлөт.

4. Бюджеттик чыгашалардын Орто мөөнөттүү стратегиясын түзүүнүн, кароонун жана аткаруунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Коомдук угуулардын натыйжалары пикир келишпестиктердин протоколдору менен тиешелүү мамлекеттик органдардын веб-сайттарына жарыяланат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-85)
