# 83-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңеши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343); 17.06.2017 [Закон КР от 17 июня 2017 года № 106 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111617)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 83-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-83

---

1. Министрлер Кабинетинин Кеңеши Фискалдык саясаттын негизги багыттарын орто мөөнөттүү мезгилге түзүү боюнча республиканын сот тутумун кошуп алганда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иш-аракеттерин координациялайт, ошондой эле Министрлер Кабинетинин кепилдиги алдында тышкы карыз алуулардын эсебинен каржылоосу пландалган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жактырат жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун учурда ишке ашыруу маселелерин карайт.

Министрлер Кабинетинин Кеңешинин курамына Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, ассоциациялардын жана жергиликтүү коомчулуктардын бирликтеринин өкүлдөрү кирет. Министрлер Кабинетинин Кеңеши өзүнүн жыйналыштарына катышуу үчүн аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин чакырууга укуктуу. Министрлер Кабинетинин Кеңешинде бюджеттин долбоорун кароодо Жогорку Кеңештин депутаттары, тармактык комитетинин мүчөлөрү (макулдашуу боюнча) катыша алышат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тутумунун, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин кошуп алганда, республикалык бюджеттин орто мөөнөттүү бюджеттин төмөнкү көрсөткүчтөрдү караган негиздерин түзөт жана Министрлер Кабинетинин кеңешинин кароосуна берет:

1) бюджеттин ресурстарынын түрлөрү боюнча ирилештирилген болжолдук көрсөткүчтөр;

2) бюджеттик каражаттарды башка тескөөчүлөр боюнча контролдук цифраларды кошуп алганда, негизги категориялар боюнча бюджеттин чыгашалары;

3) бюджеттин дефицити, аны жабуунун булактары/бюджеттин профицити жана аны пайдалануунун багыттары;

4) мамлекеттик карыздын чеги;

5) бюджеттик каражаттарды негизги тескөөчүлөр боюнча Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негиздеринин долбоору боюнча пикир келишпестиктердин протоколдору.

3. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 106, 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-84)
