# 82-берене. Орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 82-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-82

---

1. Орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары - алдыдагы үч жылдык мезгилге фискалдык саясатты ишке ашыруунун негиздерин аныктоочу жана Министрлер Кабинетине бүтүндөйүнөн жана ар бир тармак боюнча боло турган чыгашаларды болжолдоштуруу максатында ресурстардын келечектеги көлөмдөрү тууралуу мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик каржыны башкаруу аспабы.

2. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын башкы маселелери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) алдыдагы мезгилде бюджеттик максаттарды белгилөө менен фискалдык саясатты аныктоо жана мамлекеттик каржыны майнаптуу башкаруу;

2) өнүгүүнүн стратегиялык программалары жана секторлор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегиясын аныктоочу мамлекеттик саясаттын өз ара байланышы аркылуу чыгашалардын майнаптуулугун жакшыртуу;

3) бюджеттик мыйзамдарды жана бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү;

4) мамлекеттик бюджеттин тең салмактуулугун камсыз кылуу;

5) түзүмдүк кайра өзгөрүүнү жүргүзүү жана ишкердик активдүүлүккө көмөк көрсөтүү;

6) социалдык коргоону камсыз кылуу;

7) экономика тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

3. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:

1) өнүгүүнүн мамлекеттик стратегиясынын программасына ылайык өнүгүүнүн тармактык (сектордук) стратегияларынын/программаларынын;

2) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн орто мөөнөттүү болжолунун.

4. Фискалдык саясаттын негизги багыттары мурдагы эки жылдын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн, учурдагы жылда күтүлгөн баалоону кийинки беш жылга болжолду камтыйт.

5. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү болжолуна ылайык орто мөөнөттүү макроэкономикалык болжол;

2) орто мөөнөттүү бюджеттик негиз, ал төмөнкүлөрдү аныктайт:

а) бюджеттин ресурстарынын түрлөрү боюнча ирилештирилген болжолдук көрсөткүчтөрдү;

б) бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча кийинки үч жылга контролдук цифраларды кошуп алганда, негизги категориялар боюнча кийинки беш жылга бюджеттин чыгымдарын;

в) бюджеттин дефицитин, аны жабуу булактарын/бюджеттин профицитин жана аны пайдалануу багыттарын;

г) мамлекеттик карыздын чегин.

3) анын негиздемеси төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) салыктардагы, салыктык эмес кирешелердеги, мамлекеттик активдерди башкаруудагы болжолдонгон өзгөрүүлөрдү көрсөтүү менен бюджеттин ресурстарын түзүү саясатын;

б) бюджеттик программаларды аралата чыгашалар боюнча жогорку лимиттерди аныктоо менен негизги секторлор боюнча бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүк стратегиясын кошуп алганда бюджеттин чыгашаларын түзүү саясатын;

в) бюджеттик инвестициялардын артыкчылыктарын жана багыттарын;

г) бюджеттин дефицити боюнча максаттуу көрсөткүчтөрдү көрсөтүү менен бюджеттин дефицитине/профицитине карата саясатты;

д) мамлекеттик карыз жана мамлекеттик гранттар боюнча максаттуу көрсөткүчтөрдү көрсөтүү менен мамлекеттик карызды башкаруу саясатын;

е) бюджет аралык жөнгө салуунун аспаптарын өнүктүрүүнүн багыттарын көрсөтүү менен бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү саясатын.

6. Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору түзүлөт жана Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилет.

Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негизинин долбоору боюнча кайчы пикирлер келип чыккан учурда Министрлер Кабинетинин Кеңеши 15 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү чечим кабыл алат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча кайчы пикирлерди кароону уюштурат.

7. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Министрлер Кабинетинин Кеңешинин чечими менен бекитилет жана Жогорку Кеңешке берилет.

9. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары жарыяланат жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында бекитилгенден кийин 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [811-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-811)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-83)
