# 811-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 811-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-811

---

1. Мамлекеттик болжолдоо процесси Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн максаттуу багыттарын иштеп чыгуу, бекитүү, ишке ашыруу, мониторингдөө, баалоо, түзөтүү боюнча чаралардын комплексин колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолу жалпы республика, экономиканын тармактары жана секторлору, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча иштелип чыгат.

3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолу ички жана тышкы экономикалык, социалдык жана башка факторлордун мүмкүн болуучу таасирин эске алуучу ар түрдүү варианттарда иштелип чыгат.

4. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун берүү, кароо жана бекитүү тартиби Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо тутуму жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун иштеп чыгуу тартиби жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык регламенттелет.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-81)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-82)
