# 80-берене. Бюджеттерди түзүүнүн жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 80-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-80

---

1. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун жана Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилген Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын параметрлеринин негизинде жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлөт.

2. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору ушул Кодекстин талаптарына ылайык жана Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын жоболорун эске алуу менен жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын негизинде түзүлөт.

3. Социалдык фонддун бюджетинин долбоору ушул Кодекстин талаптарына ылайык Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын жоболорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолунун негизинде түзүлөт.

4. Орто мөөнөттүк мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары, жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүүү программалары, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин долбоорлору төмөнкүдөй талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат:

а) мамлекеттик (муниципалдык) каржылык жана каржылык эмес активдер менен милдеттенмелерди майнаптуу башкаруу;

б) туруктуу фискалдык саясатты жүргүзүү;

в) мамлекеттик (муниципалдык) карыздын экономикалык негизделген деңгээлин сактоо;

г) анын дефицитинин деңгээлин оптималдаштыруу менен республикалык бюджеттин теңдештүүлүгүн камсыз кылуу;

д) фискалдык тобокелдиктерди баалоо.

Бюджеттин негизги параметрлери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын натыйжаларын жана өткөн мезгилдеги макроэкономикалык кырдаалдын абалын талдоону эске алуу менен кабыл алынат.

(Абзац КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-81)
