# 78-берене. Жергиликтүү кеңештердин компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 78-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-78

---

Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:

1) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын кабыл алышат жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырышат;

2) жергиликтүү бюджеттин негизги жана артыкчылыктуу багыттарын аныкташат;

3) муниципалдык карыздын чектик көлөмүн жана ага өзгөртүүлөрдү кошуп алганда, жергиликтүү бюджетти бекитишет;

4) жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты угушат жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитишет;

5) ушул Кодекстин жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, бюджеттик ссудаларды жана максаттуу трансферттерди берүү/тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алышат;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен биргеликте жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурушат жана өткөрүшөт;

7) ушул Кодекстин жоболорунда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-79)
