# 77-берене. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15238..15823>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 77-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-77

---

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) жарандардын ден соолугун коргоо жаатында Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана башка программалардын долбоорлорун жана стратегияларды иштеп чыгууга катышат;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын аткаруу үчүн зарыл тарифтик төгүмдөрдүн ставкалары жөнүндө сунуштарды киргизет;

3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды топтойт;

4) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасын жана камсыздандырылган жарандарды амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын ишке ашырат;

5) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары берүүчү медициналык жана алдын алуу кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоого жумшалган каражаттардын жалпы көлөмүнөн бир айлык каржылоодон кем болбогон көлөмдө каржылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу запасын түзөт;

6) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды саламаттык сактоо жаатында ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жана башка максаттуу программаларды каржылоо үчүн саламаттык сактоону өнүктүрүүгө багыттайт;

8) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан каражаттардын максаттуу жана майнаптуу пайдалануусуна ички аудит жүргүзөт;

9) Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан консолидацияланган бюджеттин каражаттарынын пайдаланылышын контролдойт;

10) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт;

11) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-78)
