# 74-берене. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 74-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-74

---

1. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) төмөнкүлөрдү иштеп чыгат:

а) экономикалык саясаттын негизги багыттарын, мамлекеттик программаларды;

б) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун;

в) ыйгарым укуктуу орган жана кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу боюнча - каражаттарды тартуу жана донорлордун расмий жардамдарынын алкактарында пайдалануу боюнча стратегияны;

г) тышкы соода иштерин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу боюнча сунуштарды;

2) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө талдоо жана баалоо жүргүзөт;

3) төмөнкү жаатта бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат:

а) (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

б) тышкы жана ички сооданы;

в) көмүскө экономиканы легалдаштырууну жана кыскартууну;

4) экономикалык өнүгүүгө, республикалык бюджеттин бириктирилген кирешелерин салыктык кайра түзүүлөргө салыктын таасир этүүсүнө чараларга баа берүүгө жана экспертизага катышат;

5) эл аралык каржы уюмдары тарабынан каржыланган өнүгүү долбоорлоруна катышкан чарбалык субъекттер үчүн салык жеңилдиктерин ырастоо боюнча иштерди жүзөгө ашырат;

5-1) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

6) (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Экономиканы өнүктүрүүнүн жана региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын эске алуу менен түздөн-түз инвестициялар жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик материалдык резервдер жаатындагы саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан даярдалган мамлекеттик материалдык резерв тутумунун чыгашаларынын түзүмү боюнча тиешелүү жылга республикалык бюджеттин долбооруна карата сунуштарды макулдашуу, ошондой эле отун-энергетика комплекси жаатындагы бюджет жана тарифтик саясат боюнча сунуштарды киргизүү тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-75)
