# 73-берене. Улуттук банктын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283684..7319>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 73-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-73

---

Улуттук банк бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) акча-насыя саясатын аныктайт жана Министрлер Кабинети менен өз ара аракетте аны жүзөгө ашырат;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашырат;

3) ал процесстерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түздөн-түз катышуусунун камсыз кылуу менен, корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары чыгуу укугу менен, Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм тутумдарына түздөн-түз катышуучу катары катышат;

4) Министрлер Кабинетинин каржы агенти болуп саналат;

5) республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Министрлер Кабинетине консультация берет;

6) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана республикалык бюджет жөнүндө, аларга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдардын долбоорлоруна жана өткөн жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко карата корутундуларды алар Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңешке киргизет;

7) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-74)
