# 72-берене. Эсептөө палатасынын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283684..7319>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 72-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-72

---

Эсептөө палатасы бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) каржылык аудитти жана натыйжалуулук аудитин жүргүзүүдө төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:

а) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин жана бухгалтердик отчеттуулуктун аткарылышына;

б) мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча ресурстардын администраторлорунун ишине;

в) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын абалына жана башкарылуусуна;

г) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти башкарууга;

д) мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү бар ишканалардын жана уюмдардын ишине;

е) бюджеттик каражаттарды алуучулардын - менчик же менчиктин башка түрүндөгү юридикалык жактардын берилген бюджеттик каражаттарга карата ишине;

ж) Улуттук банктын "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына ылайык келишине;

з) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин тейлөө бөлүгүндө коммерциялык банктарды жана башка каржы-насыялык уюмдарды;

и) бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышына;

2) республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторго карата корутундуларды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен берет;

3) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды Жогорку Кеңешке киргизет;

4) бюджеттик мыйзамдардын жана каржылык тартиптин табылган бузууларын четтетүү боюнча аткарууга карата милдеттүү болгон жазма эскертүүлөрдү жиберет;

5) ушул Кодекстин 93-беренесинин жоболоруна ылайык бюджеттин долбоорун түзөт;

6) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-73)
