# 70-берене. Министрлер Кабинетинин компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 70-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-70

---

Министрлер Кабинети бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жана кабыл алуусуна берет жана анын аткарылышын камсыз кылат;

2) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчетту Жогорку Кеңештин кароосуна берет;

3) тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

4) экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;

5) бюджеттик-каржылык, инвестициялык саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) Кыргыз Республикасына берилген тышкы жардамдарды жана түздөн-түз инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;

7) Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча тышкы жардамдарды жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу программаларынын долбоорлорун карайт жана жактырат;

8) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын кабыл алат;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-71)
