# 66-берене. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 66-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-66

---

1. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу кыска мөөнөттүү зайымдарды алуу боюнча карызды кошпогондо, жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү программаларынын алкактарында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, бюджеттин тең салмактуулугун камсыз кылуу жана азыркы муниципалдык карызды кайра каржылоо максатында жүзөгө ашырылат.

2. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Чыгарылуучу муниципалдык баалуу кагаздардын конкреттүү түрү жана көлөмү жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-67)
