# 65-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 65-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-65

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карызга алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана муниципалдык карыздык милдеттенмелер келип чыгуучу ушул Кодекстин жоболоруна ылайык бюджеттик ссудаларды тартуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун атынан кепилдиктерди берүүгө укуксуз.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайымдарын эсепке алууну белгиленген формат боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын карыздык милдеттенмелеринин реестрине ылайык жүргүзүшөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат беришет. Зайымдык каражаттарды эсепке алуунун жана кайтаруунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Министрлер Кабинети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Министрлер Кабинетинин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-66)
