# 631-берене. Кепилчилик берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 631-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-631

---

1. Кепилчилик Министрлер Кабинетинин чечими боюнча туруктуу экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында юридикалык жактарга - Кыргыз Республикасынын резиденттерине берилет.

Кепилчилик берүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. Кепилчилик берүүнүн тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын республикалык бюджетте улуттук экономиканын субъекттерине тиешелүү жылга жыйынды чыгашалардын көлөмүнүн 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө (кепилчилик берүү каражаттарын эсепке албаганда) кепилчилик берүү механизмин ишке ашыруу үчүн каражаттарды карайт.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-63)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-64)
