# 62-берене. Мамлекеттик тышкы зайым

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 62-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-62

---

1. Мамлекеттик тышкы зайым алуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

2. Эл аралык келишимдер болуп саналган Кыргыз Республикасына зайым берүү жөнүндө келишимдер "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ратификацияланууга жатат.

Эл аралык келишим болуп саналбаган Кыргыз Республикасына зайым берүү жөнүндө келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.

3. Тышкы рынокто жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу мамлекеттик зайым алуу тууралуу Министрлер Кабинетинин чечими Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылат.

4. Мамлекеттик тышкы зайым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу каржылык агент тарабынан алынууга жана кайтарылууга тийиш.

5. Тышкы зайымды тартуу, бөлүштүрүү, тейлөө жана кайтарып берүү боюнча зайым алуу процессине катышуучу институттардын иш-милдеттери жана милдеттери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6. Тышкы зайым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган Министрлер Кабинетинин каржылык агенти аркылуу алынууга жана кайтарылууга тийиш.

7. Тышкы зайым тартуунун, бөлүштүрүүнүн жана кайтаруунун жол-жоболору, карызга алуу процессине катышкан институттардын иш-милдеттери жана милдеттери сыяктуу эле Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен каралууга тийиш.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-63)
