# 60-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 60-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-60

---

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинетинин атынан мамлекеттик карызды башкаруу боюнча төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) эл аралык уюмдардан, банктардан, чет мамлекеттерден каражаттарды карызга алууга, ошондой эле баалуу кагаздарды жана Министрлер Кабинетинин башка карыздык милдеттенмелерин чыгаруу аркылуу ички жана тышкы рынокто карызга алууну жүзөгө ашырууга;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруунун бөтөнчөлүгүн жана шарттарын белгилөөгө;

3) республиканын мамлекеттик баалуу кагаздары менен ички жана тышкы рыноктордо операцияларды аткарууга;

4) мамлекеттик карыздын эсебин алууга;

5) зарыл болгон карызга алууларды болжолдоого, алар боюнча программалардын долбоорлорун даярдоого;

6) бардык карыздык милдеттенмелерди берүүнү жана аткарууну контролдоону жүзөгө ашырууга;

7) карыздын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар, мамлекеттик карызды кайра түзүмдөштүрүү, мамлекеттик карызга алуунун тобокелдерин башкаруу боюнча иш-чараларды даярдоону жана ишке ашырууну жүзөгө ашырууга.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-61)
