# 59-берене. Мамлекеттик карызга алуунун негизги принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343); 13.09.2021 [Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112294)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 59-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-59

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик карызды башкарууда, тышкы карызга алууну жүзөгө ашырууда Министрлер Кабинетинин жалгыз гана агенти болуп саналат. Башка мамлекеттик органдар, мамлекеттик ишканалар жана мекемелер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, тышкы карызга алууларды тартууга жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө укуксуз.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын кошпогондо, мамлекеттик карызга алуу боюнча милдеттемелерди камсыз кылуу үчүн мамлекеттин активдерин, ошондой эле Улуттук банктын алтынын жана эл аралык резервдерин күрөө түрүндө пайдаланууга тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын күрөө түрүндө пайдалануу Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гана жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик карызга алуу Жогорку Кеңештин алдын ала жактырышы менен Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик карыздын чоңдугу карыздык туруктуулуктун эл аралык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен Министрлер Кабинети тарабынан аныкталып, кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралат.

5. Кыргыз Республикасы мамлекеттик эмес карызга алуунун натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жооп бербейт.

(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118, 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-60)
