# 56-берене. Социалдык фондго ассигнованиелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 56-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-56

---

1. Социалдык фондго ассигнованиелер төмөнкүдөй учурларда төмөнкүлөр үчүн берилет:

1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында түзүлгөн Социалдык фонддун бюджетинин кошумча чыгашаларын жана кирешелеринин жоготууларын компенсациялоо;

2) мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын берүүдө чыгашаларын каржылоону камсыз кылуу.

2. Республикалык бюджеттен ассигнованиелер төмөнкүлөрдү каржылоо үчүн каралат:

1) пенсиянын базалык бөлүгү;

2) пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөр;

3) "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча дайындалган пенсиялар;

4) аскер кызматкерлерин камсыздандыруу учурлары боюнча бир жолку жөлөкпулдар;

5) көп балалуу энелердин жана бала кезинен майып болгондордун энелеринин пенсияларына, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдарга;

6) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген пенсияларга үстөктөргө;

7) Чернобыль атомдук электростанциясындагы аварияда жана башка жарандык же аскердик дайындоодогу атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга компенсацияларды, эмгектик мертинүү же кесиптик оруулар боюнча "PESAC" программасына кирген же ишканаларда иштеп, багуучусунан ажыраган же иш берүүчүнүн кайра уюштурууга же жоюуга байланыштуу зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөөлөр;

8) "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учкучтук жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине пенсиялар;

9) № 2 тизмеси боюнча жана "PESAC" программасына кирүүчү ишканалардын текстиль өндүрүшүндө иштөөчү адамдарга пенсиялар;

10) республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөкпулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө чыгашалар.

3. Республикалык бюджеттен ассигнованиелер максаттык багыты боюнча гана пайдаланылат.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-57)
