# 53-берене. Бюджеттер аралык трансферттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 53-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-53

---

1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттер ортосундагы мамилелер жалпы мамлекеттик кирешелерден жана бюджеттер аралык трансферттерден ченемдик чегерүүлөр аркылуу жөнгө салынат.

2. Бюджет аралык трансферттердин тутумуна төмөнкүлөр кирет:

1) төмөнкүлөр түрүндөгү трансферттер:

а) теңдештирүүчү трансферттер;

б) максаттуу трансферттер.

2) республикалык бюджеттен Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерине ассигнованиелер.

3. Жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү бюджеттер аралык трансферттер ар жылдык республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилет.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-54)
