# 51-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 01.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 51-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-51

---

1. Жергиликтүү бюджеттен төмөнкүдөй иш-чараларга чыгашалар жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүсүнө;

2) билим берүү, саламаттык сактоо, эс алуу, маданият, социалдык коргоо мекемелерин, турак жай жана коммуналдык чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, коргоо объекттерин күтүүгө, аксакалдар сотторунун ишин камсыз кылууга, муниципалдык ишканаларды субсидиялоого жана бюджеттик насыялоого;

3) бюджеттик ссудаларды берүү жана тындыруу, капиталдык салымдар түрүндө инвестициялар бюджетин ишке ашыруу жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттар, муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу менен байланышкан бардык операцияларды кошуп алганда, жергиликтүү бюджеттен каржылоого жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган иш-чараларга.

4) өз аймагында аймактык коргонуу жана жарандык коргоо иш-чараларын камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечүүгө.

5) муниципалдык ишканаларга бюджеттик насыяларды жана субсидияларды берүүгө.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда келип чыгуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери республикалык бюджеттин максаттуу трансферттеринин эсебинен аткарылат.

(КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [501-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-501)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-52)
