# 501-берене. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарга жана жарандык коомдун башка институттарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү чыгашалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 501-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-501

---

1. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарды жана жарандык коомдун башка институттарын мамлекеттик колдоого чыгашалар Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипке ылайык, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, мамлекеттик гранттар жана социалдык тапшырык формасында жүргүзүлөт.

2. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарды жана жарандык коомдун башка институттарын мамлекеттик колдоого каражаттарды пайдалануу тууралуу маалымат жыл сайын тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарына жарыяланууга тийиш.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-50)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-51)
