# 50-берене. Министрлер Кабинетинин чыгаша милдеттенмелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 50-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-50

---

1. Республикалык бюджеттен жалпы мамлекеттик мааниге ээ болгон иш-чараларга кетүүчү чыгашалар жүзөгө ашырылат, алар боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чыгашаларды кошуп алганда, башкаруунун тиешелүү мамлекеттик органдары аркылуу толугу менен Министрлер Кабинетине жүктөлөт. Бул категорияга төмөнкүлөргө кеткен чыгашалар кирет:

1) жалпы арналыштагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө;

2) коргоого;

3) коомдук тартипке жана коопсуздукка;

4) экономикалык маселелерге;

5) айлана-чөйрөнү коргоого;

6) турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө;

7) саламаттык сактоого;

8) эс алуу, маданиятка;

9) билим берүүгө;

10) социалдык коргоого.

2. Министрлер Кабинети жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга түзүү жана аткаруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу обочолонгон бюджеттердин алкагында айрым жалпы мамлекеттик чыгашаларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берүүгө укуктуу.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-49)  
Кийинки берене: [501-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-501)
