# 5-берене. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 5-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-5

---

1. Бюджетке жана мамлекеттик каржыларга тиешелүү маселелер чагылдырылган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.

2. Мамлекеттин каржылык милдеттенмелерин өзгөртүү жөнүндө; республикалык бюджеттен каржылануучу бюджет чыгашаларын көбөйтүү жөнүндө, же болбосо анын ресурстарын кыскартууну караган мыйзамдардын долбоорлору Министрлер Кабинетинин макулдугу менен гана кабыл алынат.

3. Сот тутумунун бюджетине тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары -Судьялар кеңеши) менен милдеттүү макулашылууга жатат.

II БӨЛҮК. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТТИК ТУТУМУ

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-6)
