# 49-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 49-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-49

---

1. Чыгаша милдеттенмелер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик органдар (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) тарабынан иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткарууда келип чыгуучу Министрлер Кабинетинин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) милдеттенмелери.

2. Кыргыз Республикасында чыгаша милдеттенмелерди бөлүштүрүүнүн төмөнкүдөй түзүмү белгиленет:

1) Министрлер Кабинетинин чыгаша милдеттенмелери;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери.

3. Мамлекеттик органдар тарабынан билип туруп тиешелүү компенсацияны камсыз кылбастан жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын көбөйтүүгө алып келүүчү иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-50)
