# 48-берене. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 18.07.2018 [Закон КР от 18 июля 2018 года № 69 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111811)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 48-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-48

---

Жергиликтүү бюджеттерге төмөнкүлөр түшөт:

1) белгиленген ченемдер боюнча жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөр;

2) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) мүлккө салык;

4) жергиликтүү бюджеттен берилген бюджеттик насыялар боюнча пайыздар;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акциялардагы үлүштөрүнө кошуп эсептелинген дивиденддер;

6) муниципалдык ишканалардын пайдаларынан чегерүүлөр;

7) муниципалдык менчикте турган мүлктү ижарага берүүнүн ижара акысы;

8) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы үчүн жыйым;

9) калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым;

10) жайыттарды, ошондой эле айыл аймактарынын аймагында жайгашкан мамлекеттик токой фондунун жайыттарын пайдалангандыгы үчүн жыйым;

11) муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр;

12) (КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13) автотранспортту парковкалоо жана токтотуу үчүн төлөм;

14) соттун чечими боюнча зыяндын ордун толтуруу суммасын кошуп алганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук караштуулугундагы мекемелер тарабынан материалдык, администрациялык жоопкерчилик чараларын колдонуунун натыйжасында алынуучу каражаттар;

15) юридикалык жана жеке жактар тарабынан акысыз жана ыктыярдуу негизде жергиликтүү бюджетке берилүүчү каражаттар;

16) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алынган расмий трансферттер.

17) (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

18) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу үчүн жыйым;

19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу салыктык эмес башка төлөмдөр.

(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 18-июлундагы № 69, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-49)
