# 47-берене. Республикалык бюджеттин кирешелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 октября 2025 года № 210 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032684)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.10.2025 [Закон КР от 14 октября 2025 года № 210 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032684); 01.10.2025 [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032); 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 09.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 171 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об образовании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112659); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=38122..38618>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 47-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-47

---

Республикалык бюджетке төмөнкүлөр түшөт:

1) белгиленген ченемдер боюнча жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөр;

2) пайдадан алынуучу салык;

3) кошумча нарктан алынуучу салык;

4) акциз салыгы;

5) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген бажы алымдары, жыйымдары жана төлөмдөрү;

6) эл аралык келишимдер жөнүндө мыйзамдарга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында төлөнүүчү салыктар;

7) республикалык бюджеттен берилген бюджеттик насыялар боюнча пайыздар;

8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) пайдасын бөлүштүрүүдөн которуулар жана мамлекеттик ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр;

9) байланыш тармактарын өнүктүрүүгө чегерүүлөр;

91) жарандык авиация тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр;

10) мамлекеттик акциялар пакетине кошуп эсептелген дивиденддер;

11) ЭЭЗ аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн, өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо, мамлекеттин менчигинде турган мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысы;

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт.

12) мамлекеттик лотереяларды өткөрүүдөн каражаттар;

13) сынам жыйымы;

14) аскердик милдетке байланышкан жыйымдар;

15) радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу учун тооруктардын (аукцион, конкурс) натыйжалары боюнча радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн номерлөөнүн бөлүнгөн ресурсу үчүн жыйымдар;

16) өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин жана козу карындарды пайдалануу үчүн жыйым;

17) суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалангандыгы үчүн жыйым;

18) айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жыйым;

19) мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр;

20) мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар;

201) тастыктамалоо жана көзөмөлдөө жол-жобосун жүргүзүү үчүн жыйымдар;

21) автомото транспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдар;

22) апостил койгондугу үчүн жыйымдар;

23) транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка сызыктык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн төлөмдөр жана жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөгөн жүктөрү менен транспорт каражаттарын өткөргөндүгү үчүн жыйым;

24) жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйымдар;

25) жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдар;

26) (КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

27) мамлекеттик алымдар;

28) патенттик алымдар;

29) мамлекеттик соцалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндын ордун толтуруунун суммаларын кошпогондо, соттун чечими боюнча айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндын ордун толтуруунун суммаларын кошуп алганда, мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук караштуулугундагы мекемелер тарабынан материалдык, администрациялык жана жазык жоопкерчилиги чараларын колдонуунун натыйжасында алынуучу каражаттар;

30) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу;

31) юридикалык жана жеке жактар тарабынан акысыз жана ыктыярдуу негизде республикалык бюджетке берилүүчү каражаттар;

32) Министрлер Кабинети тарабынан алынган расмий трансферттер;

33) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 9-августундагы № 171, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77, 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 210 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-48)
