# 41-берене. Бюджеттин кирешелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15238..15823>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 41-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-41

---

1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети төмөнкүлөр болуп саналат:

1) республикалык бюджеттен төмөнкүдөй ассигнованиелер:

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары катары берилүүчү;

- саламаттык сактоодогу максаттуу программаларды ишке ашырууга берилүүчү;

2) Социалдык фонддун бюджетинен алынган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;

3) медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумуна камтылбаган юридикалык жана жеке (анын ичинде чет өлкөлүк) жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;

4) келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн белгиленген тартипте өндүрүлгөн финансылык санкциялар;

5) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;

6) социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка кирешелер.

2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин кирешелерин түзүү жана аткаруу Бюджеттик классификацияга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-42)
