# 38-берене. Бюджеттин чыгашалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 38-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-38

---

Социалдык фонддун бюджетинин чыгашалары төмөнкүлөргө багытталат:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияларды жана пенсиялык топтомдорду төлөөгө;

2) каада-салттык жөлөкпулдарды төлөөгө (сөөк коюуга);

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгектик мертинүүсү же кесиптик оорусу боюнча компенсацияларды төлөөгө;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоого;

5) Социалдык фонддун бюджетине кирген Социалдык фонддун жана мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддордун ишин каржылык жана материалдык-техникалык камсыз кылууга;

6) Социалдык фонддун бюджетинин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фондду каржылоого;

7) Социалдык фондду өнүктүрүү фондун каржылоого;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекчилердин ден соолугун жакшыртуу фондун каржылоого;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарга.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-39)
