# 37-берене. Бюджеттин кирешелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 37-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-37

---

1. Социалдык фонддун бюджетинин кирешелерине төмөнкүлөр кирет:

1) камсыздандыруучулар жана камсыздандырылган адамдардын милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү;

2) юридикалык жана жеке жактардын (анын ичинде чет өлкөлүк) ыктыярдуу төгүмдөрү;

3) камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана толук эмес которгондугу үчүн туумдар жана айыптар;

4) регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлгөн каражаттар;

5) эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия төлөөгө иш берүүчүлөр тарабынан которулуучу каражаттар;

6) жабылган ишканалардын жумушчуларына пенсия жана жөлөкпул төлөө үчүн капиталдаштыруучу сумма;

7) Социалдык фондко тиешелүү ишканалардын акцияларынан дивидендтер;

8) Социалдык фонддун эркин каражаттарын коммерциялык банктарда депозиттер түрүндө жайгаштыруудан алынган кирешелер;

9) республикалык бюджеттен ассигнованиелер;

10) камсыздандырылган адамдардын пенсиялык активдерин инвестициялоодон алынган инвестициялык кирешелер;

11) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;

12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка кирешелер.

2. Социалдык фонд ушул Кодекстин жоболоруна ылайык карызга алууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-38)
