# 35-берене. Бюджеттик инвестицияларды ишке ашыруунун майнаптуулугунун мониторинги жана аны баалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 35-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-35

---

1. Ишке ашыруунун майнаптуулугун баалоо ар бир инвестициялык долбоор боюнча жыл сайын жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн баалоону жүргүзүүнүн тартиби жана критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

Көрсөтүлгөн баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Жогорку Кеңешке (жергиликтүү кеңештерге) бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизгенге чейинки 2 айдан кечиктирбестен инвестициялык долбоорду ишке ашырууга бюджеттик инвестицияларды кыскартуу жөнүндө же аны ишке ашырууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Бюджеттик инвестициялардын эсебинен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттуулуктун тартиби, берүүнүн мөөнөттөрү жана түзүүнүн формалары, мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берет.

---

Мурунку берене: [341-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-341)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-36)
