35-берене. Бюджеттик инвестицияларды ишке ашыруунун майнаптуулугунун мониторинги жана аны баалоо
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 5-глава
1. Ишке ашыруунун майнаптуулугун баалоо ар бир инвестициялык долбоор боюнча жыл сайын жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн баалоону жүргүзүүнүн тартиби жана критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Көрсөтүлгөн баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Жогорку Кеңешке (жергиликтүү кеңештерге) бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизгенге чейинки 2 айдан кечиктирбестен инвестициялык долбоорду ишке ашырууга бюджеттик инвестицияларды кыскартуу жөнүндө же аны ишке ашырууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Бюджеттик инвестициялардын эсебинен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттуулуктун тартиби, берүүнүн мөөнөттөрү жана түзүүнүн формалары, мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берет.
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.05.2019 · № 232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды…Постановление · 26.12.2022 · № 714
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды…Постановление · 14.08.2023 · № 405
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 725 «Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуПостановление · 27.10.2026 · № 725 · Күчүнө кире элек
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>