# 34-берене. Экономика тармактарынын жана региондорду өнүктүрүү фонддору (анын ичинде жол фонду)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 мая 2022 года № 35 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112369)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.05.2022 [Закон КР от 24 мая 2022 года № 35 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112369); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 34-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-34

---

1. Экономика тармактарынын жана региондорду өнүктүрүү фонддору (анын ичинде жол фонду) жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык республикалык жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү, максаттуу багыттагы иш-чараларды өнүктүрүү жана ишке ашыруу боюнча инфратүзүмдүк жана инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн арналган.

2. Экономика тармактарынын жана региондорду өнүктүрүү фонддору (анын ичинде жол фонду) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмдөрдү чегерүүнүн, түшүүлөрдүн жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлөт.

3. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун көлөмдөрү жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен каралуучу бюджеттер аралык трансферттердин өлчөмүн аныктоодо эсепке алынбайт.

4. Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн жана алардын каражаттарын башкаруунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2022-жылдын 24-майындагы № 35, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-33)  
Кийинки берене: [341-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-341)
