# 33-берене. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 33-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-33

---

1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин үлүштүк катышуусу менен жана башка тартылган каражаттар долбоордук-конкурстук негизде республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары.

2. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар жергиликтүү бюджеттин мобилизацияланган ресурстарына кошумча бир же андан ашык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын инвестициялык долбоорун кош каржылоо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген шарттарга ылайык башка тартылган каражаттар түрүндө берилет.

3. Дем берүүчү гранттарды алуучулар долбоорду ишке ашыруунун толуктугу, натыйжалуулугу жана каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартышат, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорду ишке ашыруу жөнүндө отчет беришет.

4. Дем берүүчү гранттардын жалпы көлөмү жыл сайынкы республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен аныкталат.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-34)
