# 32-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 32-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-32

---

1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга бюджеттик инвестициялар "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу үчүн бюджеттик инвестициялар техникалык-экономикалык негиздемесине жана долбоордун максатка ылайыктуулугуна Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген мамлекеттик органдардын экспертизасынын негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк формасындагы бюджеттик инвестициялардын жалпы көлөмү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акты менен белгиленет.

4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ар бир долбоору боюнча каражаттардын көлөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-33)
