# 30-берене. Мамлекеттик инвестициялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 30-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-30

---

1. Мамлекеттик инвестициялар - Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларынын негизинде тышкы карызга алууларды жана гранттарды эсепке алуу менен ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттары.

2. Мамлекеттик инвестициялар өнүгүү программаларынын өлкөлүк жана тармактык (секторалдык) алкактарында артыкчылыктуу стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

3. Мамлекеттик инвестициялардын көлөмү жана багыты бюджет жөнүндө мамлекеттик мыйзам менен аныкталат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-31)
