# 3-берене. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 3-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-3

---

1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Кодекстен жана ага ылайык кабыл алынган бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актылардан, бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.

Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларга төмөнкүлөр кирет:

- республикалык бюджет жөнүндө мыйзам;

- Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жөнүндө мыйзамдар;

- жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү бюджеттер жөнүндө ченемдик укуктук актылары.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келген учурда, бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салууда ушул Кодекстин ченемдери артыкчылыктуу болуп саналат.

3. Эгерде эл аралык келишимдерде ушул Кодексте каралбаган башка жоболор белгиленгенсе, анда Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин жоболору колдонулат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-4)
