# 29-берене. Капиталдык салымдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 29-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-29

---

1. Капиталдык салымдар - бул төмөнкүдөй негизги фонддорду түзүүгө жана калыбына келтирүүгө багытталган каражаттар:

1) жаңы обьекттерди куруу, долбоорлоо-чалгындоо иштерин реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана иштеп чыгуу;

2) мамлекеттик (муниципалдык) органдарды техникалык жабдуу;

3) машиналарды, жабдууларды жана башка техникаларды сатып алуу.

2. Капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу республикалык бюджеттен каржылануучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү белгиленген критерийлерге ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджеттерден каржылануучулар - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан аныкталат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринин тизмегин республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды бекиткенден кийин бир айдан кечиктирбестен бекитет жана маалыматты Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберет.

3. Капиталдык салымдардын жалпы көлөмү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акты менен аныкталат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-30)
