# 28-берене. Бюджеттик инвестициялар жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 мая 2022 года № 35 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112369)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.05.2022 [Закон КР от 24 мая 2022 года № 35 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112369); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 28-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-28

---

1. Бюджеттик инвестициялар инвестициялык долбоорлордун аркасында инфратүзүмдү түзүүгө жана өнүктүрүүгө, инновациялык тутумду түзүүгө, социалдык секторду колдоого, мамлекеттик башкаруу секторундагы институттук кайра түзүүлөрдү ишке ашырууну камсыз кылууга багытталат.

Бюджеттик инвестицияларды тартуу менен түзүлгөн өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес объекттер мамлекеттик же муниципалдык башкарууга өткөрүп берилет.

2. Бюджеттик инвестициялар ички инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга төмөнкүдөй түрдө багытталат:

1) капиталдык салымдар;

2) бюджеттик насыялоо;

3) дем берүүчү (үлүштүк) гранттар;

4) экономика тармактарынын жана региондорду өнүктүрүү фонддору (анын ичинде жол фонду).

3. Бюджеттик инвестициялар тышкы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга төмөнкүдөй түрдө багытталат:

1) мамлекеттик инвестициялар;

2) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк.

31. Бюджеттик колдоо тиешелүү программалардын алкагында социалдык-экономикалык натыйжаларга жетишүүгө багытталат.

4. Ички инвестициялык долбоор анын экономикалык жана социалдык максатка ылайыктуулугун, инвестицияларды жүзөгө ашыруунун көлөмүн жана мөөнөттөрүн, инвестициялык долбоорду этап боюнча ишке ашырууну жана ага баа берүүнү камтыйт.

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун кезектеги этабынын шарттарын жана мөөнөттөрүн сактабоо учурдагы цикл аяктаганга чейин аны каржылоону токтотууга алып келет. Бюджеттик инвестициялар биринчи кезектеги тартипте ички инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүүнү эске алуу менен мурда башталган инвестициялык долбоорлордун аякташына багытталат. Бекитилген критерийлерге ылайык конкурстук тандоодон өткөн ички инвестициялык долбоорлор ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык бюджеттик инвестициялардын ар бири түрү боюнча өзүнчө ички инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилүүгө жатат. Ички инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуунун жана техникалык-экономикалык негиздемесин кароонун, тандап алуунун, ишке ашыруунун жана тизмегин түзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Тышкы инвестициялык долбоорлорду тандоонун жана бекитүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6. Ишке ашыруу жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылган инвестициялык долбоорлорго карата сунуштар коомдук талкуулоолорду милдеттүү жүргүзүүнү талап кылат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2022-жылдын 24-майындагы № 35, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-29)
