28-берене. Бюджеттик инвестициялар жөнүндө жалпы жоболор
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 мая 2022 года № 35
1. Бюджеттик инвестициялар инвестициялык долбоорлордун аркасында инфратүзүмдү түзүүгө жана өнүктүрүүгө, инновациялык тутумду түзүүгө, социалдык секторду колдоого, мамлекеттик башкаруу секторундагы институттук кайра түзүүлөрдү ишке ашырууну камсыз кылууга багытталат.
Бюджеттик инвестицияларды тартуу менен түзүлгөн өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес объекттер мамлекеттик же муниципалдык башкарууга өткөрүп берилет.
2. Бюджеттик инвестициялар ички инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга төмөнкүдөй түрдө багытталат:
1) капиталдык салымдар;
2) бюджеттик насыялоо;
3) дем берүүчү (үлүштүк) гранттар;
4) экономика тармактарынын жана региондорду өнүктүрүү фонддору (анын ичинде жол фонду).
3. Бюджеттик инвестициялар тышкы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга төмөнкүдөй түрдө багытталат:
1) мамлекеттик инвестициялар;
2) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк.
31. Бюджеттик колдоо тиешелүү программалардын алкагында социалдык-экономикалык натыйжаларга жетишүүгө багытталат.
4. Ички инвестициялык долбоор анын экономикалык жана социалдык максатка ылайыктуулугун, инвестицияларды жүзөгө ашыруунун көлөмүн жана мөөнөттөрүн, инвестициялык долбоорду этап боюнча ишке ашырууну жана ага баа берүүнү камтыйт.
Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун кезектеги этабынын шарттарын жана мөөнөттөрүн сактабоо учурдагы цикл аяктаганга чейин аны каржылоону токтотууга алып келет. Бюджеттик инвестициялар биринчи кезектеги тартипте ички инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүүнү эске алуу менен мурда башталган инвестициялык долбоорлордун аякташына багытталат. Бекитилген критерийлерге ылайык конкурстук тандоодон өткөн ички инвестициялык долбоорлор ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык бюджеттик инвестициялардын ар бири түрү боюнча өзүнчө ички инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилүүгө жатат. Ички инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуунун жана техникалык-экономикалык негиздемесин кароонун, тандап алуунун, ишке ашыруунун жана тизмегин түзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Тышкы инвестициялык долбоорлорду тандоонун жана бекитүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Ишке ашыруу жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылган инвестициялык долбоорлорго карата сунуштар коомдук талкуулоолорду милдеттүү жүргүзүүнү талап кылат.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2022-жылдын 24-майындагы № 35, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (31)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябры № 608 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө…Постановление · 17.11.2023 · № 608
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 11-б (2021-жылы республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмеси тиркемеге ылайык бекитүү…Распоряжение · 27.01.2021 · № 11-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы №15-б "2020-жылга республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмеси бекитүү жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 24.01.2020 · № 15-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 107-б "Социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы" буйругуРаспоряжение · 28.04.2021 · № 107-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.05.2019 · № 232
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 366-б (Социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 06.11.2020 · № 366-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-декабрындагы № 401-б "Салыктык түшүүлөрдүн төмөндөшү менен шартталган республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 18.12.2020 · № 401-р
- КР министрлер кабинети 2021-жылдын 11-июну, № 29-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 11-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) БуйругуРаспоряжение · 11.06.2021 · № 29-р
- КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 146-тРаспоряжение · 16.08.2021 · № 146-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-февралы № 45-р Бишкек шаарынын аймагында жалпы билим берүү мекемелерин куруу үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык…Распоряжение · 04.02.2022 · № 45-р
- Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 24 "Жергиликтүү бюджеттен долбоорлорду, иш-чараларды аткарууга үлүштүк каржылоо үчүн бөлүнүүчү каражаттарды бөлүү тартиби…Постановление · 24.12.2021 · № 24
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 74-т ("Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык дайындоолорду көбөйтүү жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 18.02.2022 · № 74-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 "Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобону жана…Постановление · 01.03.2025 · № 103
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы № 466 “Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык…Постановление · 04.08.2025 · № 466
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды…Постановление · 26.12.2022 · № 714
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 171-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 11-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 07.09.2021 · № 171-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-октябрындагы № 228-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 11-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 06.10.2021 · № 228-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо…Постановление · 15.03.2017 · № 138
- КР Өкөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 124-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 11-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 04.05.2021 · № 124-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы № 298-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 11-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 26.11.2021 · № 298-р
31 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>