# 27-берене. Бюджеттин дефицити/профицити

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 27-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-27

---

1. Бюджеттин киреше жыйындысынын бюджеттин чыгаша жыйындысынан ашып кетүүсү бюджеттин профицитин түзөт, ал эми бюджеттин чыгаша жыйындысынын бюджеттин киреше жыйындысынан ашып кетүүсү бюджеттин дефицитин түзөт.

1-1. Тышкы булактардан (гранттар) расмий трансферттерди эсепке албаганда жыйынды кирешелерди мамлекеттик тышкы инвестицияларды эсепке албаганда бюджеттин жыйынды чыгашаларынан ашыруу - тышкы насыяларды жана гранттарды эсепке албаганда бюджеттин профицитин түзөт, ал эми мамлекеттик тышкы инвестицияларды эсепке албаганда жыйынды чыгашаларды тышкы булактардан (гранттар) расмий трансферттерди эсепке албаганда бюджеттин жыйынды кирешелеринен ашыруу - тышкы насыяларды жана гранттарды эсепке албаганда бюджеттин тартыштыгын түзөт.

2. Республикалык бюджеттин дефицитинин/профицитинин өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилет.

3. Бюджеттин дефицитин жабуунун булактарынын курамына/профицитин пайдалануунун багыттарына төмөнкүлөр кирет:

1) каржылык активдер менен операциялардан түшүүлөр менен операцияларды жүзөгө ашырууга кеткен чыгашалардын ортосундагы айырма;

2) милдеттенмелерди кабыл алуудан түшүүлөр менен милдеттенмелердин негизги бөлүгүн жабуу үчүн чыгашалардын ортосундагы айырма;

3) Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттардын калдыктары;

4) бюджеттин дефицитин жабуунун башка булактары/профицитин пайдалануунун багыттары.

4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер тең салмактуулуктун принцибинин негизинде түзүлөт.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-28)
