# 26-берене. Каржылык эмес жана каржылык активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу жана милдеттенмелерди жабуу үчүн бюджеттин чыгашалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 26-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-26

---

1. Каржылык эмес активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттин чыгашаларына негизги фонддордун бардык түрлөрүн, запастарды жана өндүрүштүк эмес активдерди сатып алуу, капиталдык ремонттоо жана түзүү менен байланышкан чыгашалар таандык кылынат.

2. Каржылык активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттин чыгашаларына узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатып алуу; бюджеттен насыяларды жана ссудаларды берүү; мамлекеттик жана муниципалдык менчикке ишканалардын үлүштөрүн (акцияларын) сатып алууну кошуу менен байланышкан чыгашалар таандык кылынат.

3. Милдеттенмелер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттин чыгашаларына узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча тышкы жана ички булактардан зайымдар келишимдери (макулдашуулары) боюнча карыздардын негизги бөлүгүн жабуу менен байланышкан чыгашалар кирет.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-27)
