# 25-берене. Резервдик фонддор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 25-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-25

---

1. Республикалык бюджетте кезектеги бюджеттик жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы), ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорун түзүү каралат.

2. Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун өлчөмү бекитилген/такталган республикалык бюджеттин жалпы чыгашаларынын ар бир резервдик фонд боюнча 0,02 пайызынан ашпайт (резервдик фонддун суммасын эсепке албаганда).

Эгерде такталган республикалык бюджетте жалпы чыгашалардын суммасы бекитилген республикалык бюджеттегиден төмөн болсо, анда Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун көлөмүн эсептөө бекитилген республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө тиешелүү мыйзам менен бекитилет.

3. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын чечимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу тууралуу чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жарыяланууга тийиш.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби Жогорку Кеңештин Төрагасынын тийиштүү чечими менен аныкталат. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Президенттин тийиштүү чечимдери менен аныкталат. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү чечимдери менен аныкталат. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу тууралуу маалымат квартал сайын тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жарыяланууга тийиш.

4. Резервдик фонддордун каражаттары социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгашаларды каржылык камсыз кылуу үчүн гана пайдаланылат.

5. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:

1) шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө;

2) Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын ишин чагылдырууга;

3) мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акыларын төлөөгө жана материалдык сыйлоого;

4) мамлекеттик органдардын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.

6. Резервдик фонддорду пайдалануу жөнүндө маалымат республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетко тиркелет жана милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.

Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорун пайдалануу тууралуу маалымат Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын чечимдеринин көчүрмөлөрүн тиркөө менен кварталдык отчетко тиркелет.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-241)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-26)
