# 241-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 241-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-241

---

1. Республикалык бюджетте кезектеги бюджеттик жылга Кыргыз Республикасынын Президентинин фондун (мындан ары - Президенттин фонду) түзүү каралат.

2. Президенттин фондунун булактары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) республикалык бюджеттин бекитилген/такталган жалпы чыгашаларынын 1 пайызынан ашпаган бюджеттик каражаттар (Президенттин фондунун суммасын эсепке албаганда);

2) коррупциялык иштер боюнча орду толтурулган каражаттар;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.

3. Президенттин фондунун каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:

1) инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого;

2) калктын социалдык-экономикалык абалык жакшыртууга;

3) билим берүү программаларын жана чет өлкөдө билим берүү программалары боюнча окуп жаткан студенттерди каржылоого;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) чечими менен аныкталуучу башка иш-чараларга.

4. Президенттин фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби Президенттин чечими менен аныкталат.

5. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга пайдаланылбаган учурда Президенттин фондунун каражаттары бюджеттин тартыштыгын кыскартууга багытталат.

6. Эгерде такталган республикалык бюджетте жалпы чыгашалардын суммасы бекитилген республикалык бюджеттегиден төмөн болсо, анда Президенттин фондунун көлөмүн эсептөө бекитилген республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-24)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-25)
