# 24-берене. Жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=7319..15238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 24-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-24

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттердин курамында резервдик фонд түзүшү мүмкүн. Резерв жергиликтүү бюджетке өздүк кирешелерден учурдагы түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.

2. Жергиликтүү бюджеттин резервдик фондунун өлчөмү тийиштүү жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнүн 2 пайызынан ашпашы керек (резервдик фонддордун каражаттарын жана аткаруу бийлигинин органдарынын муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөрдү эсепке албаганда).

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонддорун пайдалануу тартибин аныктоо, пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим кабыл алуу ушул Кодекстин жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.";

4. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:

1) шайлоо, референдум өткөрүүгө;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү кеңештердин жетекчилеринин ишин чагылдырууга;

3) муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөгө жана аларга материалдык сыйакы берүүгө;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.

5. Жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө маалыматтар аларды аткаруу жөнүндө отчетторго тиркелет жана милдеттүү жарыяланууга жатат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-23)  
Кийинки берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-241)
