# 23-берене. Мамлекеттик бюджеттик резерв

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 23-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-23

---

1. Мамлекеттик бюджеттик резерв учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылуучу күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин курамында түзүлөт.

2. Мамлекеттик бюджеттик резерв төмөнкүдөй жагдайлар менен байланышкан чукул жана күтүлбөгөн зарылдыктардын учурунда пайдаланылат:

1) (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда;

3) саясий мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда жана аскердик абалда;

4) башка өлкөгө гуманитардык жардамды көрсөтүүдө;

5) эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосу;

6) Кыргыз Республикасына болгон доолор боюнча эл аралык бейтарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте аткарууда.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга пайдаланылбаган учурда бул каражаттар бюджеттин тартыштыгын кыскартууга багытталат.

4. Мамлекеттик бюджеттик резервдин өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилет жана республикалык бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнөн 2 пайыздан ашык эмести (Мамлекеттик бюджеттик резервди эске албаганда) түзөт.

5. Мамлекеттик бюджеттик резервди пайдалануу Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-24)
