# 22-берене. Учурдагы операциялык чыгашалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 22-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-22

---

1. Операциялык чыгашалар алардын экономикалык маңызы боюнча төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) кызматкерлердин эмгегине акы төлөө;

2) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу;

3) пайыздар;

4) субсидиялар;

5) гранттар;

6) социалдык жөлөкпулдар;

7) Мамлекеттик бюджеттик резервди жана ушул Кодекс менен белгиленген резервдик фонддорду түзүүгө чыгашаларды кошуп алганда, категориялар боюнча бөлүштүрүлбөгөн башка чыгашалар.

2. Кызматкерлердин эмгегине акы төлөөгө бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине аткарылган иштер үчүн акчалай формадагы сый акыны жана өз каражаттарынын эсебинен капитал топтоо менен байланышкан иштерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык чегерүүлөрдү өзүнө камтыйт. Бул категорияга эмгекке акы төлөө жана Социалдык фондко чегерүүлөр кирет.

3. Товарларды: кеңселик багыттагы, негизги фонддорду, аспаптарды жана жабдууларды, атайын кийимди техникалык тейлөө жана учурдагы ремонттоо үчүн товарларды сатып алууга, ошондой эле кызматтык иш сапарларынын убагында берилүүчү транспорттук жана мейманкана кызмат көрсөтүүлөрүнө, кызматкерлерди окутуп-үйрөтүүгө жана башкаларга акы төлөөгө чыгашалар "товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу" категориясы боюнча чыгашалар болуп саналат.

Бюджеттик мекемелер тарабынан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Тышкы жана ички булактардан алынган насыялар жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөп берүү пайыздык төлөөлөр болуп саналат.

5. Субсидиялар - мамлекеттин экономикалык жана социалдык саясатына ылайык өздөрүнүн өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырууда тарткан зыяндарын компенсациялоо үчүн акысыз жана кайтарылгыс негизде товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөргө берилүүчү акча каражаттары.

6. Гранттар - эл аралык келишимдерге, өкмөттөр аралык макулдашууларга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык акысыз жана кайтарымсыз негизде берилүүчү акча каражаттары.

7. Социалдык жактан аярлуу калктын катмарына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык берилүүчү чыгашалар социалдык жөлөкпулдар болуп саналат.

8. Башка чыгашалар - төмөнкүлөргө зарыл болгон чыгашалар:

1) стипендияларды төлөөгө;

2) сот органдарынын чечимдерине ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга;

3) Мамлекеттик бюджеттик резервди жана ушул Кодексте белгиленген башка резервдик фонддорду түзүүгө;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин фондун түзүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна чыгаша бөлүгү аркылуу каражаттарды которууга;

6) топтолгон каржылык резервдерди түзүүгө.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-23)
