# 21-берене. Бюджеттин чыгашалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 21-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-21

---

1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын чектөөгө ылайык сарптоо милдеттемелерин жабуу үчүн багытталган акча каражаттары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары болуп саналат.

11. Республикалык бюджеттин чыгашаларында Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин эсебине түшкөн каржылык эмес активдердин наркы эсепке алынат.

2. Бюджеттин жалпы чыгашалары төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) операциялык чыгашаларды;

2) каржылык эмес активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгашаларды;

3) каржылык активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгашаларды;

4) милдеттемелердин негизги бөлүгүн жабуу үчүн чыгашаларды.

3. Бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын керектөөлөрү учурдагы каржылык жылга эмгекке акы төлөө фондунун, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана башка чыгашалар бюджетинин милдеттенмелерине негизделген эсептөөлөрдүн негизинде түзүлөт.

4. Операциялык чыгашалардын жана каржылык эмес активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгашалардын суммасы бюджеттин жыйынды чыгашаларын түзөт.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-22)
